Бишкек ш., З.Игембердиев көчөсү, 1-үй

Кайрылуу

Колдонулган түтүктөрдү кайра колдонуу айлана-чөйрөгө болгон терс таасирин азайтат

Экологиялык мыйзамдар өндүрүштөрдү коркунучтуулук деңгээли боюнча төрт даражага бөлөт: эң коркунучтуусунан (биринчи даражадагы объектилер) эң аз коркунучтуусуна (төртүнчү даражадагы объектилер) чейин. Бул даражалар өндүрүштүн чыгындыларында жана калдыктарында камтылган булгоочу заттардын уулуулугунун жана канцерогендүүлүгүнүн деңгээли, ошондой эле жер, суу жана кен байлыктарына тийгизген таасири сыяктуу ар кандай ченөлчөмдөр боюнча аныкталат. Кайра иштетүүгө ылайыкташтырылган түтүктөрдү өндүрүү, адатта, үчүнчү категорияга кирип, айлана-чөйрөгө анчалык зыян келтирбейт.

Салыштыруу үчүн: жаңы түтүктөрдү, айрыкча болоттон жана анын куймаларынан жасалган түтүктөрдү өндүрүү эң коркунучтуу деп эсептелет, башкача айтканда, биринчи категорияга кирет. Бул айлана-чөйрөгө олуттуу терс таасир тийгизет. Металлургия өндүрүшү, темир кенин казып алуудан баштап, болот түтүктөрдү жасоо үчүн мештери бар прокат цехтерине чейин, экологиялык жактан жогорку тобокелчиликтерди жаратат. Алар көбүнчө жер менен кен байлыктарын бузуп, булгап, абага уулуу заттар менен чаңды бөлүп чыгарып, уулуу жана кайра иштетүүгө кыйын болгон I-II класстагы коркунучтуу калдыктарды пайда кылат. Мисалы, мышьяк, коргошун, кадмий, кобальт, хром жана никель сыяктуу заттарды камтыган металлургиялык калдыктар.

 

Бирок эски түтүктөрдү кайра иштетүүдө утилизациялоого кыйын болгон I-II класстагы коркунучтуу калдыктар, көп баскычтуу тазалоо тутумдарын талап кылган уулуу чыгындылар жана таштандылар пайда болбойт. Экологиялык мыйзамдардын талаптарына ылайык ушул жараянды уюштуруу менен, калдыктардын жана чыгындылардын айлана-чөйрөгө көзөмөлсүз түшүшүн алдын алуу үчүн экологиялык тобокелчиликтер аз, ал эми пайдасы бир нече эсе көп болушу мүмкүн. Мында жаңы түтүктөрдү металлургиялык жол менен өндүрүүдөн келип чыккан айлана-чөйрөгө терс таасирлердин көлөмү, ошондой эле эски буюмдардан пайда болушу мүмкүн болгон калдыктардын көлөмү азаят.

Эске сала кетчү нерсе, эски түтүктөр жарандык жана инфраструктуралык курулушта да кеңири колдонулат. Бирок 2017-жылга чейин бул негизинен көмүскө базар болгон. Натыйжада, ал сапатсыз өндүрүмгө толуп, терс кесепеттерге алып келген.

Мунун мисалы катары, 2012-жылы Санкт-Петербургдун бир нече районунда жылуулук түтүктөрү жарылып, кышында жүздөгөн адам жылуулуксуз калган "түтүк иши" окуясын келтирсе болот. Авариядан келтирилген зыян 8 миллиард рублден ашкан. Жылуулук жана суу менен камсыздоо тутумдарында 2013-жылдан 2017-жылга чейин 2800дөн ашык авария болгон. Алардын жарымы жаңыдан оңдолгон же курулган жылуулук түтүктөрүндө жана суу түтүктөрүндө катталган. Бул көйгөйгө көңүл бурулуп, коммуналдык чарба тутумдарында кайра иштетилген түтүктөрдү колдонууга тыюу салынып, эрежелерге өзгөртүүлөр киргизилген.

 

2013-2017-жылдары жылуулук жана суу берүү тутумдарында 2800дөн ашуун авария болгон. Алардын жарымынан көбү жакында оңдолгон же курулган жылуулук түтүктөрүндө жана суу түтүктөрүндө болгон, бул көйгөйгө көңүл буруп, турак жай-коммуналдык чарба тутумдарында колдонулган түтүктөрдү колдонууга тыюу салууга жана эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө себеп болду.

 

2017-жылы рынокту көзөмөлдөө жана аны мыйзамдуу чөйрөгө киргизүү максатында, кайра иштетилген түтүктөрдү жогорку жана орточо жоопкерчилик талап кылынган имараттар менен курулуштарда, анын ичинде суу түтүктөрүндө, канализацияларда, гидротехникалык курулуштарда жана туруктуу жүктөмгө дуушар болгон болот конструкциялар катары колдонууга тыюу салган айрым эрежелерге өзгөртүүлөр киргизилген. Бүгүнкү күндө мыйзам чегинде иштеген кайра иштетилген түтүк жеткирүүчүлөр бул чектөөлөрдү сакташат. Ошондуктан 2017-жылга салыштырмалуу, андан да 1990-жылдарга салыштырмалуу (ал кезде жабдууларга же технологиялык жараяндарды киргизүүгө олуттуу инвестиция талап кылынбаган жана түтүктөрдү тазалоо менен, адатта, квалификациясы төмөн жумушчулар алектенген) кырдаал, албетте, жакшырды. Экинчи колдогу түтүк рыногу мыйзамдуу чөйрөгө киргизилип, 2017-жылдан бери катышуучулардын саны эки эседен ашык кыскарган.

Бирок көмүскө базарда иштеп жаткан оюнчулар дагы деле бар. Сапатсыз кайра иштетилген түтүктөрдү өндүрүү жана колдонуу, ошондой эле көйгөйгө жетишсиз көңүл буруу жана көзөмөл айлана-чөйрөгө тийгизген таасир жагынан негизги тобокелчиликтер болуп саналат. Мында мыйзамдык чектөөлөрдүн болушу менен бирге, мыйзамды иш жүзүндө колдонуу жана сактоо да маанилүү. Бул жерде көзөмөл органдарынын ролу чоң.

Сапатты көзөмөлдөөгө жалгыз гана кайра иштетилген түтүктөр эмес, ошондой эле ондогон жылдар мурун орнотулган жаңы түтүктөр да муктаж. Өз убагында оңдоо жүргүзбөөнүн натыйжасында жарылуулар болуп, анын кесепетинен айлана-чөйрө жана адамдар жабыркашы мүмкүн. 2024-жылы өлкө боюнча авариялар үзгүлтүксүз болуп жатты. Эң чоңдорунун бири Новосибирск шаарындагы жылуулук тармагында болгон: 400гө жакын үй, анын ичинде мектептер, ооруканалар, балдар бакчалары жылуулуксуз калып, көчөлөрдүн бирин кайнак суу каптап кеткен. Ошондой эле Нижний Новгороддо да окшош авария болгон, ал жерде 16 адам, анын ичинде эки бала: көчөгө төгүлгөн кайнак сууга түшүп кетип күйүк алышкан. Миңдеген адам жылуулуксуз калган.

Менин оюмча, жөнгө салуу күчөгөн сайын кайра иштетилген түтүк рыногу өзгөрө берет. Атап айтканда, 2024-жылдын 1-сентябрынан баштап Жаратылыш ресурстарын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызмат I-IV класстагы коркунучтуу калдыктарды чогултуу, ташуу, иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу жана жайгаштыруу менен алектенген лицензиаттар үчүн лицензиялык талаптарга шайкештигин мезгил-мезгили менен ырастоону киргизүүдө. Бул чара бизнес модели "көмүскөдө" иштөөнү караштырган компаниялар тунук мыйзамдуу чөйрөдө иштей баштабаса, кайра иштетилген түтүк рыногунда катышуучулардын санынын андан ары кыскарышына алып келиши мүмкүн. Андай болсо, негизги оюнчулар өз ишмердүүлүгүн өзгөртүүсүз уланта беришет.

 

Биз экология көйгөйүнө абдан чоң көңүл бурганга аракет кылабыз. Мисалы, “ТрансЛомМаркет” компаниясындагы экологиялык кызматы өндүрүштүн ар бир кадамында чечим кабыл алууга катышат – экологиялык талаптарга жооп берген жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуучу аянтты тандоо жана жабдуудан баштап, эски түтүктөрдүн сапатына чейинки бардык маселелерди камтыйт. Мен биздин тажрыйбабыздан бир нече мисалдарды келтирейин, алар менин оюмча биздикиндей ишканаларга экологиялык койгөйлордү чечүүгө жардам бере алат. Мисалы, гидроизоляцияланган жабуусу жана жаан сууну агызуу тутуму бар, санитардык коргоо зонасы сакталган, калдыктарды чогултуучу жайлар жабдылган жана калдыктарды адистештирилген уюмдарга өз убагында тапшыруу менен камсыздалган аянт болушу шарт. Түтүктөрдү ажыратуу учурунда түтүктө калган мунай өнумдөрдүн төгүлүп кетишине жол бербөө иштерин уюштуруу керек. Ажыратуу иштери аяктагандан кийин жер кыртышын калыбына келтирүү иштерди жүргүзүү милдеттүү.

Учурда айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу менен кайра иштетилген түтүктөрдү өндүрүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн Орусиянын экологиялык мыйзамдарында каралган талаптар жетиштүү. Эң башкысы, аларды иштин бардык кадамында киргизип, сактоо керек. Дагы бир маселе, мамлекет тарабынан кайра иштетилген түтүктөрдүн сапатына көзөмөл жетишсиз. Бул жерде биз өзүбүз ISO 9001, ISO 14001 жана ГОСТтар сыяктуу эл аралык стандарттарга ылайык тутум түзөбүз, мисалы, «ГОСТ Р 55934 – 2013. Кайра иштетилүүчү болот түтүктөр» жана «ГОСТ 2787-2019. Экинчилик кара металлдар. Жалпы техникалык шарттар».

Келечек муундардын жашоо сапаты азыркы учурда биздин жаратылышка болгон мамилебизге байланыштуу болот. Тилекке каршы, металлургия өнөр жайынын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин толугу менен жок кылуу мүмкүн эмес, бирок биздин жоопкерчилигибиздин чегинде аны минималдаштырууга болот. Мыйзам талаптарын сактоо гана рынокту мыйзамдуу чөйрөдө өнүктүрүүгө жана экологиялык зыянды азайтууга мүмкүндүк берет.

 


Автор: Марина Викторовна Комлева, «ТрансЛомМаркет» компаниясынын башкы директору
Булагы: https://www.vedomosti.ru/ecology/esg/columns/2024/06/06/1041987-primenenie-bivshih-v-upotreblenii-tr

Медиа

Тизим

Металлокалькулятор
Кайтарым байланыш
Өз маалыматтарыңызды калтырыңыз, биздин менеджер сиз менен байланышат
Сиз робот эмессизби?
Баскычты басуу менен сиз Нажимая на кнопку вы соглашаетесь
с колдонуучунун келишиминеколдонуучунун келишимине макулдугуңузду бересиз
Баскычты басуу менен сиз Нажимая на кнопку вы соглашаетесь
с колдонуучунун келишиминеколдонуучунун келишимине макулдугуңузду бересиз